Таластын Кум-Бел айылында таш алдына катылган курал-жарак табылды

© Sputnik / М. Тетервов / Медиабанкка өтүү"Марголина" үлгүсүндөгү тапанча. Архив
Марголина үлгүсүндөгү тапанча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тапанчаны Чек ара кызматы менен УКМК кызматкерлери биргеликте аныкташкан.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Таластын Кум-Бел аймагында таш алдынан оролгон "Марголина" үлгүсүндөгү тапанча табылганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, табылганы кечээ, 23-март күнү аталган кызматтын Талас облусу боюнча башкармалыгы УКМК кызматкерлери менен биргеликте аныкташкан. Куралдын жанынан бир огу тар магазини бар экени белгилүү болду.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин табылган курал-жарак УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0