Бишкекте үч аялды коюп кеткен айдоочу качып кетти

© Фото / Nate Steiner / wheel gripАйдоочу. Архив
Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык кесепетинен аялдардын бири өтө оор абалда Улуттук госпиталга жеткирилди.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бишкекте Жибек Жолу менен Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде үч аял жол кырсыгына учураганын тез жардам станциясынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди.

Анын айтымында кырсык тууралуу билдирүү 20.03тө түшкөн.

"Окуя болгон жерге барган топ авариядан үч аял жабыр тартканын аныктаган. Анын бири оор абалда Улуттук госпиталга жеткирилген. Ал эми кырсыкка себепкер айдоочу из суутуп кеткен", — деди Борисов.

Жабырлануучулардын экөө Улуттук госпиталга, ал эми бири Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0