Куткаруучулар кум аралаштыруучу жабдууга буту кирип кеткен жаранды сактап калышты

© пресс-служба МЧССотрдуники МЧС спасли мужчину застрявшего во время строительных работ
Сотрдуники МЧС спасли мужчину застрявшего во время строительных работ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кан көп жоготуп, бутунун сөөгү талкаланып кеткен жабырлануучуну тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Бүгүн Аламүдүн районунун Чоң-Арык айылында жайгашкан өнөр жай ишканасында куткаруучулар кум аралаштыруучу жабдууга буту кирип кеткен жаранды сактап калышты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Кол кишен жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бирөөнүн 53 миң долларын алдап алган "бухгалтер" колго түштү
Маалыматка ылайык, кырсык тууралуу кабар куткаруу кызматына саат 14.13тө түшкөн. Ишкананын 56 жаштагы жумушчусунун бутун чыгаруу үчүн жабдууну кумдан тазалап, механизмдин эки жагындагы темир каркастарды кесүүгө туура келген.

Куткаруу маалында Тез жардам кызматкерлери көп кан кеткен жабырлануучунун абалына көз салып турушкан. Сөөгү талкаланып калган бутун чыгаргандан кийин дарыгерлер аны ооруканага алып кетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0