Белгисиз кишилер тарабынан басып алынган Египеттин учагы Кипрге конду

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүКонуп жаткан учак. Архив
Конуп жаткан учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учактын ичинде 55 жүргүнчү жана экипаждын жети мүчөсү болгон.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Белгисиз кишилер тарабынан басып алынган Египет аба жолдоруна таандык учак Кипрдеги Ларнака аэропортуна шашылыш конду. Бул тууралуу Sputnik Türkiye маалымат агенттиги билдирди.

Айрым маалыматтарда учактын ичинде куралчан кишилер болушу ыктымалдыгы айтылууда. Учактын ичинде 55 жүргүнчү жана жети экипаж бар.

Кипрдик саясатчы Андроулла Вассилиоу өзүнүн Twitter социалдык тармагындагы баракчасына учакты басып алгандар аялдар менен балдарды бошотуу үчүн курчап турган полициянын кетүүсүн суранганын жазды.

Египет аба жолдоруна таандык Airbus 320 учагы Александрия аэропортунан учуп чыккандан кийин басып алынган. Египеттин тийиштүү кишилери учакты басып алгандар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын Sputnik Türkiye белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0