Таласта курал менен кызыл кулактык кылган аял кармалды

CC BY 2.0 / James Case/ Browning 16 Gauge Shotgun / Охотничий дробовик и пули. Архивное фото
Охотничий дробовик и пули. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал алты жыл бою курал-жарак сатып келген. Учурда ага карата кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Таласта мыйзамсыз курал жана ок-дары саткан жаран кармалганын Финансы полициясы билдирди.

Кадамжайдын Ак-Боорум аймагынан таш алдында катылып жаткан мылтык табылды
Маалыматка ылайык, аталган жаран Талас облустук аңчылар жана балык улоочулар коомунун кызматкери болуп иштеп, курал жана ок-дарыларды сатып алып, аны кайра сатып жүргөнү аныкталган. 

Ал 2009-2015-жылдардын аралыгында "ишмердүүлүгүнөн" 644 миң 500 сом тапкан. 

Аңчыга карата Кылмыш жаза кодексинин 180 (Мыйзамсыз ишкердик кылуу), 241 (Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0