Тез жардам: Бишкекте кичинекей баланы ит талап кетти

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүТордогу иттер. Архив
Тордогу иттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеткинчек №3 шаардык балдар ооруканасына жеткирилген.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Бишкектин Элебесов жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде жети жаштагы баланы ит каап, ал ооруканага түшкөнүн "Тез жардам" кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге келген дарыгерлер ит баланын жамбашын тиштеп үзүп алганын, мындан тышкары эки бутун тиштеп салганын аныкташкан.

Жеткинчек №3 шаардык балдар ооруканасына жеткирилген.

Иттин ээси тууралуу азырынча эч кандай маалымат жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0