Тапанча кармаган адам. Арихв

Киргшелкто киши колдуу болгон үч аялдын бирөөсүнүн күйөөсү өзүнүн жанын кыйды

248
(жаңыланган 16:13 31.03.2016)
Өзүнө кол салган жаран өзүнө ок чыгарар алдында кат жазып кеткен.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Ысык-Атанын Киргшелк айылында киши колдуу болгон үч аялдын бирөөсүнүн жарандык жолдошу өзүн атып өлтүргөнүн Чүй ОИИБ билдирди.

Эскерте кетсек, 24-март күнү милиция кызматкерлери үй ичинен үч аялдын жансыз денелерин таап, анын бири кош бойлуу экенин аныкташкан. Учурда кылмышка шектүүлөр изделип жатат. ИИМ башчысы Мелис Турганбаев бул ишти жеке көзөмөлүнө алган.

ОИИБ кечээ саат 22.00дө Кант шаарында өз жанын кыйган киши тууралуу маалымат келип түшкөнүн белгилейт. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери маркумдун жанында "Екатеринасыз жашай албайм, ал менин жан туйгум болчу. Күнөө экенин билем, кечиргиле…" деген мазмундагы катты табышкан.

51 жаштагы жаран өлтүрүлгөн аялдардын биринин жарандык күйөөсү болгон. Алар 15 жылдан бери чогуу өмүр сүрүшкөн. 

Курал каттоого алынбагандыктан учурда анын маркасы такталып жатат. Алдын ала маалымат боюнча мылтык мураска калган курал болушу мүмкүн. Тергөө амалдары улантылууда.

248
Белгилер:
Кант, өлүм, мылтык, курал, кат
Тема:
Киргшёлк айылында үч аялдын бычакталып өлтүрүлүшү (7)
Тема боюнча
Ысык-Атадагы үч аялдын өлтүрүлүшү боюнча ишти министр Турганбаев өз көзөмөлүнө алды
Ысык-Атада үч аялды өлтүрүп кетишти, анын бирөөсү кош бойлуу экени аныкталды
Кош бойлуу келин. Архив

Эжеси менен жездеси сабаган. Каракол милициясы кош бойлуу келин тууралуу үн катты

128
Бүгүн Акыйкатчы институту Ысык-Көлдө келинге эки милиционер жана бир тергөөчү кол салып, бул окуядан кийин беш айлык түйүлдүк боюнан түшүп калганын билдирген.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Караколдо шаардык ички иштер бөлүмү милиция кызматкерлери кош бойлуу келинди сабаганга шектелүүдө деген маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн Акыйкатчы институту маалымат тараткан. Анда Омбудсмендин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө келин кайрылып, эки милиционер жана бир тергөөчү кол салганын, бул окуядан кийин беш айлык түйүлдүк боюнан түшүп калганын айтып берген.

Каракол ИИБдин версиясы боюнча, 5-август күнү милицияга А.А. аттуу 22 жаштагы тургун арыз жазып, ошол күнү болжол менен саат 14:00дөр чамасында батирде чогуу жашаган бир тууган эжеси А.Г. жана жездеси Т. Н. аны сабаганын билдирген. Урушка анын паспортун экөө уруксатсыз күрөөгө коюп салгандан улам чыкканы айтылат. Арыз Жоруктар кодексинин "Үй-бүлөдөгү зомбулук" беренеси менен катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ал жабырлануучу жеңил жаракат алганын көрсөткөн.

"Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында аялды 32 жаштагы А.Г. жана анын 32 жаштагы жолдошу Т.Н. сабаганы аныкталган. Аларга шектүү катары кабарлама берилип, соттун кароосуна жөнөтүлгөн", — деп жазылган маалыматта.

Милиция А.Г. өзүнүн жоопкерчилигин жашыруу максатында кызматкерлерди каралап жатканын белгиледи.

128
Белгилер:
Каракол, милиция, кош бойлуу, келин, арыз
Тема боюнча
Боюнан түшүп калган. Каракол милициясы кош бойлуу келинди сабады деп шектелүүдө
Кош бойлуу келин. Архив

Боюнан түшүп калган. Каракол милициясы кош бойлуу келинди сабады деп шектелүүдө

169
(жаңыланган 15:52 23.09.2021)
Келин Акыйкатчы аппаратына кайрылып, милиция кызматкерлерин жоопкерчиликке тартууга жардам берүүсүн суранып жатат.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Каракол шаардык милициясынын кызматкерлери кош бойлуу келинди сабаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлады.

Акыйкатчынын Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө келин кайрылып, эки милиционер жана бир тергөөчү кол салганын, бул окуядан кийин беш айлык түйүлдүк боюнан түшүп калганын кошумчалаган.

Арыздануучунун айтымында, ушул жылдын 5-августунда милиция кызматкерлери аны кармап алып, ур-тепкиге алышкан, ал тургай ичке тээп, өлтүрөбүз деп коркутушкан.

Келин Акыйкатчынын аппаратына кайрылып, милиция кызматкерлерин жоопкерчиликке тартууга жардам берүүсүн суранып жатат.

Омбудсмен Ысык-Көл облусунун прокуроруна кайрылуу жолдоп, жооп калды. Ал жактан жарандын кайрылуусу боюнча Жазык кодексинин 321-беренесине ("Бийликтен аша чабуу") негизинде сотко чейинки өндүрүш башталганын билдирди. Тергөө иштери УКМКнын аймактык башкармалыгына өткөрүп берилген.

УКМКдан Акыйкатчы институтуна иликтөө иштери жүрүп жатканын айтышкан.

169
Белгилер:
Акыйкатчы, Ысык-Көл, келин, милиция, арыз
Тема боюнча
Аялдын өлүмүнө себепчи болгон мотоциклдин айдоочусу үй камагына чыкты
Энелеш эжесин өлтүргөн деп 16 жаштагы улан шектелүүдө. Кара-Кулжадагы окуя
Кыргызстандык спортчусу Алтынбек Мамашов. Архив

Спортчу Мамашов АСА мелдешинде UFC уюмунун экс-мушкери менен беттешет

0
Кыргызстандык атлет аталган лигадагы акыркы үч беттешинин экөөсүн утуп, бирөөндө жеңилген. Ал эми атаандашы акыркы үч кармашынын баарында утулган.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Absolute Championship Akhmat (ACA) мушкерлер лигасынын кыргызстандык спортчусу Алтынбек Мамашов кезектеги беттешинде UFC уюмунун экс-мушкери, бразилиялык Элиас Сильверио менен таймашат. Бул тууралуу аталган уюм Instagram баракчасына жарыялады. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ACA MMA (@aca_mma)

Беттеш 4-октябрда Чеченстандын борбору Грозный шаарында өтөт.

"Кыргызстандык мушкер беттештеринин дээрлик 100 пайызын мөөнөтүнөн мурда жеңип келет. Ал турсун АСА124 мелдешинде бонус алууга да жетишти. Чеченстанда өтүүчү юбилейлик мелдеште ал бразилиялык Элиас Сильверио менен беттешип, түштүк африкалык Марк Хульмдун ордуна чыгат", — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандык мушкер ММА спортунда 16 беттешке чыгып, 14 учурунда атаандашын уткан. Бир жолу жеңилип, дагы бир кармашта тең чыккан. Мамашовдун атаандашын эстен тандырган соккусу Absolute Championship Akhmat лигасынын 2021-жылдын жарым жылдагы мыкты нокауту деп табылган.

Кыргыз мушкери аталган уюмда акыркы үч беттешинин экөөсүн утуп, бирөөндө жеңилген.

Ал эми анын атаандашы Сильверио 2013-2015-жылдары Ultimate Fighting Championship (UFC) уюмунда беттештерди өткөргөн. Ал ММА спортунда жалпысынан 24 кармаш өткөрүп, 16 учурунда атаандашын уткан. Жети ирет жеңилген. Бразилиялык атлет АСА уюмундагы акыркы үч беттешинин баарында жеңилүү ызасын тарткан.

 

0
Белгилер:
Алтынбек Мамашов, ММА, беттешүү
Тема боюнча
UFC мушкери Антонина Шевченконун ким менен беттешери анык болду