Ош облусунда нөшөрлөгөн жаандан 13 жылкы тоодон кулап өлдү

Жазылуу
31-мартта кечки саат 9.30дар чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районунда катуу жаан жааган.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы нөшөрлөп жааган жамгырдан улам 13 жылкы Чоң-Бет чегиндеги тоодон учуп өлгөн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Төбөсүнөн жаан өткөн Өзгөн мунарасы жардамга муктаж
Алдын ала маалыматтар боюнча өлгөн жылкылардын болжолдуу баасы 780 000 сомду түзөт.

Ошондой эле, Ылай-Талаа айылында жамгырдын кесепетинен арыктардан суу ашып, болжол менен 26 турак жайдын короолоруна кирген.

Жаратылыш кырсыгынан кишилер жабыркаган эмес. Жарандык коргоо комиссиясы жеринде тактоо иштерин улантууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0