Чу дарыясы аркылуу Казакстанга өтүүгө аракет кылган беш жаран кармалды

© Sputnik / Олег Ласточкин / Медиабанкка өтүүЧу дарыясы. Архив
Чу дарыясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзамсыз чек арадан өтүүгө аракет кылгандардын экөөсү өспүрүм болуп, калган үчөөсүнүн жанында эски үлгүдөгү паспорттор алынган.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Кыргызстандын беш жараны Чу дарыясы аркылуу Казакстанга өтүп бараткан жеринен кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, кармалгандардын экөөсү өспүрүм болуп, жанында эч кандай документтери жок болгон. Калган үчөөсүнөн мөөнөтү өтүп кеткен эски үлгүдөгү паспорттор алынган.

Керектүү документтер толтурулган соң, аталган жарандар УКМКнын тиешелүү бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0