Кафенин эки мас кардары чуу салып, келген милиционерлердин погонун жулуп алышты

© Sputnik / Табылды КадырбековПогонду тигип жаткан кызматкер. Архив
Погонду тигип жаткан кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя боюнча Бишкек шаарынын 40-45 жаштагы эки тургундары кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлдү.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Кафеде отурган эки мас абалындагы жаран чуу салып, келген милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, погондорун жулуп алган. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди. 

Акча жана бычак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кафенин ээсин бычак менен коркутуп, чечиндирип кеткен 16 жаштагы таластык кыз кармалды
Үстүбүздөгү жылдын 3-апрелинде саат 22:00дө Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына Чолпон-Ата жана Көлбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кафеде 40-45 жаштагы эки адам мас абалында чуу салып, идиш-аяктарды талкалагандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. 

Милиция кызматкерлери барган учурда аларга баш бербей, кол кайрып погондорун жулуп, каршылык көрсөтүшкөн. 

Бул окуя боюнча аталган жарандар кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0