ӨКМ: арыктагы сууга үч жаштагы бала агып кетти

Жазылуу
Кырсык кечээ кечинде болгон. Издөөгө чыккан куткаруучулар баланы таппай коюшкан.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Аламүдүн районунун Ленин айылында арыктагы сууга агып кеткен үч жаштагы Имран Шамшибеков табыла электигин ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ саат 18.50дө болгон. Баланы издөөгө үч куткаруучу тартылып, бирок андан эч натыйжа чыккан эмес.

Министрлик издөө иштери бүгүн да улантыларын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0