Тайванда мотоцикл уурдаган КР жараны кармалды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүПаттайя шаары. Архив
Паттайя шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Паттайа шаарынын полициясынын билдиришинче кыргызстандык жаран Тайванда көп жылдан бери жашап, акыркы эки жылда эч жерде туруктуу иштеген эмес.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Тайвандын Паттайа шаарында Кыргызстандын жараны Хусеин Кобоел (Hussein Koboel) кылмыш жасады деген шек менен кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү Pattaya Daily News басылмасы жазып чыкты. 

Чу дарыясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чу дарыясы аркылуу Казакстанга өтүүгө аракет кылган беш жаран кармалды
34 жаштагы Кыргызстандын жараны унаа токтотуучу жайдан мотоцикл уурдаган деп айыпталууда. Аны кармаган учурда 25 жаштагы башка жаран Хусеин Кобоелден алынган мотоцикл ага таандык экенин билдирген. 

Кыргызстандын паспортун алып жүргөн жаран сурак учурунда буга чейин мотоциклден сырткары Royal Beach Condotel (Ройал Бич) аймагында башка буюмдарды уурдап, тапкан акчасына баңгизат алып жүргөнүн айткан. 

Паттайа шаарынын полициясынын билдиришинче Кобоел Тайванда көп жылдан бери жашап, акыркы эки жылда эч жерде туруктуу иштеген эмес. 

Мындан сырткары, анын виза мөөнөтү эки жыл мурун аяктап, ал аталган өлкөдө мыйзамсыз жүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0