Өз баласын 20 миң сомго сатууга шектелген үй-бүлө кармалды

Жазылуу
Кылмышка шектүүлөрдүн аялдын дагы эки баласы бар. Алардын аталары бөлөк.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Чүй облусунда жаңы төрөлгөн баланы сатууга шектелип бир үй-бүлө кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

"Март айынын акырында Панфилов районуна караштуу төрөт бөлүмүндө 40 жаштагы аял бала төрөгөн. Ал өз баласын 20 миң сомго сатууга шектелип жатат", — деп айтылат маалыматта. 

Аталган иш боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында аял менен бирге жашаган наристенин атасы дагы суракка алынган. Учурда соттун чечими менен эки жаран тең убактылуу кармоочу жайга эки айга камалышканы маалыматта белгиленген. 

Ал эми жаңы төрөлгөн наристе төрөтканага жайгаштырылды. Ишти иликтөөгө алган Панфилов райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматына караганда аялдын дагы эки баласы бар. Алардын аталары бөлөк. 

Жаңылыктар түрмөгү
0