"Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун издөөгө алынган мүчөсү кармалды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүКол кишенчен адам. Архив
Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүүнүн үйүнөн көп сандаган тыюу салынган китепчелер табылган. Учурда 42 жаштагы көлдүк жаран убактылуу кармоочу жайга камалды.

БИШКЕК, 8-апр. – Sputnik. "Хизб ут-Тахрир"диний экстремисттик уюмунун издөөгө алынган төрт мүчөсүнүн бирөөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматы билдирди.

"Ысык-Көл облусунда жашаган 42 жаштагы жарандын үйүнөн көп сандаган тыюу салынган китепчелер менен электрондук форматтагы маалыматтар табылды", — деп айтылат маалыматта. 

Табылган материалдар Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга жөнөтүлгөн. Ал жактан теологиялык экспертиза жүргүзүлөт.

Учурда аталган ишке Кылмыш жаза кодексинин биринчи бөлүгүнүн 299-2 беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0