Күйөөсү бар аялдын никесин башка эркек менен кыйбай койгон молдо токмок жеди

© Sputnik / Табылды КадырбековТесме кармаган мусулман. Архив
Тесме кармаган мусулман. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабырланган молдо милицияга арыз менен кайрылган. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районунда нике кыйбай койгон молдо ур-токмокко дуушар болгонун облустук ИИББ билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя Абсамат Масалиев айылында болгон. 50 жаштар чамасындагы жаран молдого келип өзү теңдүү аял менен нике кыйууну суранган. Молдо аялдан турмушка чыгып-чыкпаганын сураганда ал күйөөсү бар экенин айткан. Муну уккан молдо алардын никесин кыюудан баш тарткан. Буга жини келген жаран молдого кол көтөрүп, аны сабап койгон.

"Молдо милицияга арыз жазган. Алган жаракаты боюнча атайын экспертиза дайындалды. Учурда молдону таяктаган жаран кармалды", — деди ал.

ОИИББден учурда окуянын чоо-жайы текшерилип жатканын жана тийиштүү чаралар көрүлөрүн билдирген.

50 жаштардагы киши менен аял 10 жылдан бери жолугуп, мамиле куруп жүргөнү белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0