Бир тоннага чукул мыйзамсыз лимону менен кыргызстандык ишкер колго түштү

© Sputnik / Михаил Кухтарев / Медиабанкка өтүүЛимон. Архив
Лимон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңшу өлкөдөн өткөрүлүп келе жаткан лимондордун салмагы эсептей келгенде 800 кг. болуп чыккан.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Өзбекстандан жүз миңдеген сомдук лимонду мыйзамсыз алып кирип келе жаткан Кыргызстан жараны чек арадан кармалды. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара маалымат кызматынан билдиришти. 

Чу дарыясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чу дарыясы аркылуу Казакстанга өтүүгө аракет кылган беш жаран кармалды
Маалымат кызматы Өзбекстандан өткөрүлүп келе жаткан лимондордун салмагы 800 кг., эсептей келгенде 120 миң сомго жакын экендигин билдирди. 

Мыйзамсыз ишкерлик кыла коём деген жаран Кадамжайдын Канды аймагынан Hyundai Porter автоунаасына лимон жүктөп келе жатканда финансы полициясы менен чек арачыларга тутулган.

Кармалган ишкерге мыйзам чегинде айып салынып, лимондор финансы полициясына өткөрүлүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0