Борбор калаада жер титиреди

Жазылуу
Бишкекте силкинүү бир мүнөткө чукул убакытка созулду.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында жер титирегенин калаа тургундары сезишти. Силкинүү 16.28де катталган.

"Природа.ru" порталынын маалыматы боюнча cилкинүүнүн очогу Афганистандын аймагында, болжол менен Тажикстандын Хорог шаарынан 200 чакырым алыстыкта жайгашып, магнитудасы 6,5ке жетти. 

Бишкекте силкинүү бир мүнөткө чукул убакытка созулду.

Оштун Алай районунда жер титирөөнүн күчү 4 баллга жеткенин ӨКМ билдирди. Алдын ала маалыматтар боюнча силкинүүдөн жабыр тарткандар жана кыйроолор катталган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0