Өзгөндө жер титиреди

© AFP / LUIS RUEDAСейсмограф. Архив
Сейсмограф. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер титирөөнүн күчү Өзгөн шаарында, Шералы, Шоро-Башат айылдарында 2,5-3 балл болуп сезилди.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кечээ, 12-апрель күнү Кыргызстандын түштүк аймагында 3 баллдык жер титирөө болгонун ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, 19.28де катталган силкинүүнүн очогу Өзгөн шаарынан алты чакырым, Ош шаарынан 50 чакырым алыстыкта жайгашкан. 

Жер титирөөнүн күчү Өзгөндө, Шералы, Шоро-Башат айылдарында 2,5-3 балл болуп сезилди.

Силкинүүдөн жабыркагандар катталган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0