Жүк ташуучу унаа. Архив

Он тоннага чукул "сурьма ташын" жүктөп бараткандар кармалды

56
(жаңыланган 15:26 14.04.2016)
Сузак райондук ИИБдин Кылмыш иликтөө кызматкерлери шектүү эки автоунааны кармашкан.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Ош — Бишкек автожолунун Жалал-Абад облусунун Сузак району аймагынан "Mercedes benz" үлгүсүндөгү жүк ташуучу эки автоунаа токтотулуп, ичинен "сурьма ташы" делген таштар табылган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Укук коргоо органдарына шектүү жүк тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Алгачкы текшерүү учурунда, жүк ташуучу авто унаалардан мүшөккө салынган, жалпы салмагы болжол менен 10 тоннадай (ар биринде 5 тоннадай) "сурьма ташы" чыккан

Кармалган заттар экспертизага жиберилди. Маалымат кызматы аталган факты боюнча топтолгон материалдар Финансы полициясына өткөрүлөрүн билдирди.

56
Белгилер:
унаа, жүк, сурьма, Жалал-Абад
Тема боюнча
Кыргызстанга Кытайдан келе жаткан жүк кирбей калды
Бир тоннага чукул мыйзамсыз лимону менен кыргызстандык ишкер колго түштү