БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Бүгүн эртең менен Кыргызстандын түштүк аймагында 3,5 баллдык жер титирөө катталганын ӨКМ Сейсмология институтуна шилтеме берүү менен билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча жер титирөөнүн очогу Өзбекстанда катталган. Ал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Көк-Таш айылынан түндүктү карай 20 чакырым алыстыкта жайгашып, жердин силкинүүсү 2,5 баллды түзгөн.
Кыйроолор жана адам өлүмү катталган эмес.