Жаш балдар айдап бараткан унаадан курал-жарак табылды

© пресс-служба ГУВД города БишкекКурал-жарак табылган Toyota Alteza унаасы жана ичинен кармалган жарандар.
Курал-жарак табылган Toyota Alteza унаасы жана ичинен кармалган жарандар. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унаанын ээси Ново-Павловка айылынын 18 жаштагы тургуну болуп чыккан. Ал мурда Кылмыш жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук) менен соттолгону белгилүү болду.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Жибек-Жолу менен Малышев көчөлөрүнүн кесилишинде күмөндүү Toyota Alteza унаасы токтотулуп, анын ичинен курал-жарак табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

© Фото / пресс-служба ГУВД города БишкекЖибек-Жолу менен Малышев көчөлөрүнүн кесилишинде күмөндүү Toyota Alteza унаасы токтотулду.
Жибек-Жолу менен Малышев көчөлөрүнүн кесилишинде күмөндүү Toyota Alteza унаасы токтотулду. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Жибек-Жолу менен Малышев көчөлөрүнүн кесилишинде күмөндүү Toyota Alteza унаасы токтотулду.
© пресс-служба ГУВД города БишкекАнын ичинен курал-жарак табылды.
2/2
Анын ичинен курал-жарак табылды.
1/2
Жибек-Жолу менен Малышев көчөлөрүнүн кесилишинде күмөндүү Toyota Alteza унаасы токтотулду.
2/2
Анын ичинен курал-жарак табылды.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мылтыкты баштыкка салып жүргөн Бишкек шаарынын эки тургуну кармалды
Алдын ала алынган ыкчам маалыматтар боюнча, 20-апрелде саат 23:00 чамасында шек жараткан унаанын салонунан бир даана 16-калибрдеги ок атуучу кыска кесилген курал, 16-калибрдеги төрт даана гильза, үч колго жасалган бычак, бир таяк, бет кап жана үч даана кол кап табылган.

Унаанын ээси Ново-Павловка айылынын 18 жаштагы тургуну болуп чыккан. Айдоочу менен жанындагы 26 жана 21 жаштагы жүргүнчүлөр мурда соттолуп чыккан жарандар экени белгилүү болду. 

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0