Токтогулда жер титиреди

© flickr.com / Matt KatzenbergerСейсмограф. Архив
Сейсмограф. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сейсмология институтунун маалыматы боюнча силкинүү Бишкек убактысы боюнча саат 12.55те катталган.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Токтогул районунун Алмалуу айылына жакын жерде күчү үч баллга жеткен жер титирөө катталганын ӨКМ билдирди.

Силкинүүнүн очогу Алмалуудан сегиз чакырым, ал эми Кара-Күңгөй айылынан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Сейсмология институтунун маалыматы боюнча силкинүү Бишкек убактысы боюнча саат 12.55те болгон.

Кыйроолор жана жабыркагандар катталган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0