Бишкектеги "Фрунзе" гипермаркети шектүү баштыктан улам курчоого алынды

Жазылуу
Милицияга шектүү баштык тууралуу билдирүү гипермаркеттин администрациясынан түшкөн.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Борбор калаанын Горький жана Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Фрунзе" гипермаркети шектүү баштыктан улам курчоого алынды. Бул туурасында шаардык милициядан Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Милицияга аял кишиге таандык шектүү баштык тууралуу билдирүүнү гипермаркеттин администрациясы берген.

Аймак курчоого алынып, анын анын ичиндеги кызматкерлер менен эл сыртка чыгарылган.

Шаардык милициядан шектүү баштыкты текшерүү үчүн Башкы штабдан келчү саперлердү күтүп жатышкандыгын билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0