Кыргызстанда эки саат ичинде эки ирет жер титиреди

© AFP / LUIS RUEDAСейсмограф аппараты. Архив
Сейсмограф аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи жер титирөө Ысык-Көлдө болсо, экинчиси Жалал-Абадда катталган. Жабыркагандар жок.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстандын аймагында эки ирет жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

"Саат 12.41де Ысык-Көл облусуна караштуу Тогуз-Булак айылына жакын жерде күчү төрт баллга жеткен жер силкинүү катталды", — деп айтылат маалыматта. 

Алдын ала маалыматтар боюнча, силкинүү очогу Кыргызстандын Тескей-Ала-Тоо тоолорунда катталган. Жабыркагандар жок. 

Экинчи жер титирөө саат 14.53дө катталып, күчү 4,5 баллга жеткен. 

Маалыматта айтылгандай, силкинүү очогу Жалал-Абад шаарынан 30 чакырым аралыкта жайгашкан Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында катталган. Жабыркагандар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0