Жалал-Абадда мал сарайларды жер көчкү басып калды

© Sputnik / Нургуль МаксутоваЖайлоодогу адам. Архив
Жайлоодогу адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык Сузак районунун жайлоосунда болду.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда үч мал сарайды жер көчкү басып калганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-апрелге караган түнү Сузактагы Үч-Чат жайлоосунда жер көчкү жүргөн. Ал сарайлардан сырткары, чабандардын убактылуу турак жайын да басып калган. ӨКМ кырсыктан адамдар жабыр тартпаганын белгиледи.

Учурда абал менен жеринен таанышуу үчүн аталган аймакта министрликтин тийиштүү адистери жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0