Он күн ичинде мыйзамсыз жүгүртүүдөн 8 кг баңгизат алынды

Жазылуу
Аталган кылмыштар боюнча 10 жаран кармалды.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Акыркы 10 күн ичинде республикада мыйзамсыз жүгүртүүдөн сегиз килограмм баңгизат алынды. Бул тууралуу Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, 14-апрелден 24-апрелге чейин 8 килограмм 474 грамм баңгизат алынган. Анын курамында 629 грамм нашаа, 7 килограмм 845 грамм марихуана болгон. 

Бул кылмыштар боюнча 10 адам кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0