Баткенде алтын аралашкан 21,5 миң кг. кен ташыган жаран кармалды

© Sputnik / Редлих / Медиабанкка өтүүАлтын. Архив
Алтын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Баткенде курамында алтын бар кенди мыйзамсыз сатуу менен алектенген жаран кармалганын Финансы полициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21 миң 450 килограмм көлөмүндө кен ташып бараткан жарандын буга уруксат берүүчү эч кандай документи болгон эмес. 

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 208-беренесинин (Баалуу металлдарды, табигый баалуу таштарды мыйзамсыз ташуу) негизинде кылмыш иши козголду. 

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0