Кыргыз жана тажик окуучулар чек арадан бири-бирин ташка алышты

Жазылуу
Окуучулар алгач уруша кетип, анын аягы чырга айланып кеткен. Эки өлкөнүн коңшу айылын бир эле жол бөлүп турат.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын окуучулары бири-бирин ташка алышканын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Окуя 30-апрель күнү чек ара аймагынан катталган. Кыргызстандын Көк-Таш айылы менен Тажикстандын Дахма айылын бир жол бөлүп турат. 

Коргоо кеңеши чек ара коопсуздугун талкуулады
Чек ара кызматы чыр-чатак кайым айтышуудан улам чыкканын белгиледи. Окуя болгон жерге Баткен чек ара отрядынын аскерлери, милиция жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү келип, жаңжалды жайгарышкан. Жабыр тарткандар болгон жок.

Чырдашуу болгон аймакта кыргыз тарап менен тажик тараптын укук коргоо органдары жана мектеп директорлору дароо чогулуп сүйлөшүү жүргүзүшкөн.

Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал тынч экенин белгиленүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0