Бишкекте адам өмүрүнө забын болгон дагы бир жол кырсыгы катталды

© flickr.com / TylerАвтоунаанын спидометри. Архив
Автоунаанын спидометри. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочу окуя болгон жерден кеткен эмес.

БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Бишкектин Дэн Сяопин проспектисинде болгон жол кырсыгынан бир адам каза болгонун Тез жардам кызматынын кайра жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди.

"Шейшембиге караган түнү саат 2.14тө Дэн Сяопин проспектисинде унаа адамды тебелеп кеткени боюнча билдирүү түштү. Окуя болгон жерге барган кызматкерлер болжол менен 40-45 жаштагы адамдын өлүмүн катташкан", — деди Борисов. 

Жабырлануучу алган жарааттарынан кесепетинен каза болгон.

Тез жардам кызматы айдоочунун кырсык болгон жерден кетип калбаганын баса белгилейт. Кайгуул милициясы аталган жол кырсыгы боюнча кенен маалыматты кийинчерээк берерин билдирди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0