ӨКМ: Таластагы өсүмдүктөрдү катуу жааган мөндүр алды

© Айзат БактыгуловаТалас облусунда жааган мөндүр.
Талас облусунда жааган мөндүр. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мөндүр 9-май күнү Бакай-Ата, Кара-Буура райондору менен Талас шаарына түшкөн.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Жаан аралаш жааган мөндүрдөн улам Таластын айрым аймактарындагы өсүмдүктөр жабыр тартты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ӨКМдин Талас облустук башкармалыгынын өкүлү Улан Долубеков билдирди.

Анын айтымында, катуу жааган мөндүр 10-15 мүнөткө созулган. 

© Айзат БактыгуловаТалас облусунда жааган мөндүр
Последствия града в Таласской области - Sputnik Кыргызстан
Талас облусунда жааган мөндүр

"Бакай-Ата, Кара-Буура райондору менен Талас шаарына 9-май күнү мөндүр жаады. Алдын ала маалымат боюнча төө буурчактар талкаланды", — дейт Долубеков.

Учурда комиссия түзүлүп канча чыгым келтирилгени такталып жатканын ал кошумчалады. 

Нөшөрлөгөн жаан жана сел суусу. Талас облусу жаратылыш кырсыгынан жабыркады
Ал эми Бакай-Ата районунун тургуну Чынара Эргешова мөндүр бүчүр байлап калган өсүмдүктөрдүн бардыгын талкалап кеткендигин айтат.

"Чарбакка ар кайсы өсүмдүктөрдүн көчөттөрүн отургузуп койгон элем. Мөндүр бардыгын алып кетти. Бүчүр байлап калган алча менен өрүктөрдүн 70-80 пайызы күбүлүп түшүп калды", — деп билдирет Эргешова.

Анын айтымында, төө буурчак менен башка көчөттөрдү кайрадан отургузууга туура келет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0