Бишкекте бычакташа кеткен аял-күйөөсү ооруканага жаткырылды

Жазылуу
Аял төшүнө бычак жесе, эркектин ичине бычак сайылган.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Бишкекте бычакташа кеткен жубайлар ооруканага жаткырылганын Тез жардам кызматынын кайра жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык тууралуу билдирүү шейшемби күнү саат 15.32да келип түшкөн.

"Буденный көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде аял-күйөөсү бири-бирин бычактаганы маалымдалган. Окуяга күбө болгондордун айтымында, жубайлар мындай жорукка чырдан улам барышканын айтышты", — дейт Егоров.

Жабыр тарткандар Улуттук хирургиялык борборго жаткырылды. 37 жаштагы аял төшүнө бычак жесе, 41 жаштагы эркектин ичине бычак сайылган.

Ушундай эле үй-бүлөлүк чырдан улам "Келечек" жаңы конушунда 30 жаштагы аял дагы көкүрөгүнө бычак жеп, Улуттук хирургиялык борборго алып келинген.

Жаңылыктар түрмөгү
0