Бишкекте салыктан баш тарткан жеке ишкана 85 млн. сом төлөмөр болду

Жазылуу
Кылмышка шектелгендер убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Бишкектеги коммерциялык уюмдардын бири текшерүүгө алынып, салык кызматына жалпы 85 миллион сомго жакын каражат төлөөгө мажбур болду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти. 

Абакка алынган шектүүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: Киргшёлктогу үч аялдын өлтүрүлүшүнө шектелип 18-21 жаштагы 6 киши кармалды
Маалыматка ылайык, "Галант-Ко" ЖЧК уюмунун жетекчилиги салык төлөөдөн баш тартуу максатында товардын көлөмү менен бааларын туура эмес көрсөткөндүгү текшерүү учурунда аныкталган.

Натыйжада жалпы 84 миллион 792 миң сом төлөө милдеттендирилди. Учурда компания мамлекеттик бюджетке 15 миллион 400 миң сом кайтарды.

Бул кылмышка шектелип коммерциялык уюмдун эки мүчөсү кармалды. Аларга карата Кылмыш жаза кодексинин 221, 204 жана 350-беренелери боюнча кылмыш иши козголуп убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0