Кадамжайда чагылган трансформаторго түшүп, анын айланасында оттоп жүргөн 10 кой өлдү

© AFP / JOCHEN LÜBKEЧагылган түшүү. Архив
Чагылган түшүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда райондук электр станциясынын кызматкерлери трансформаторду калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кара-Жыгач айылынын Данги участогунда чагылган трансформаторго түшүп, ал иштен чыккан. Андан сырткары трансформатордун айланасында оттоп жүргөн 10 кой өлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Катуу жамгырда бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын көпчүлүк аймагында жааган жамгыр бир айлык нормадан ашты
Маалыматка ылайык, окуя 14-майда саат 16:20 чамасында болгон.

Ошондой эле, Лейлек районунун Ак-Суу айылындагы Коргонсай аймагында 14-майда катуу жааган жамгырдан улам саат 19:50лөр чамасында сел жүргөн. Анын кесепетинен үч үйдүн пайдубалын, 40ка жакын чарба аянттары, 1,5 чакырым ички чарбалык жол жана эгин талааларына суу берүүчү каналдар жабыркаган.

Учурда жарандык коргонуу кызматтарынан түзүлгөн комиссия тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0