Нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрүп, Ош, Жалал-Абаддагы унаа жолдору жабыркады

© пресс-служба МЧС КРСелдин кесепети. Архив
Селдин кесепети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унаа жолдорун ачуу үчүн ӨКМ тарабынан атайын автоунаалар тартылып, жолдор тазаланды.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 14-майында Жалал-Абад, Ош облусунун айрым жерлеринде сел жүрүп, унаа жолдорду бузуп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Душанбеде сел жүрүп, үйлөрдү каптап жатат
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Жыгач, Кара-Суу жана Капчыгай айылдарында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, ички чарбалык жолдорду, көпүрөлөрдү cел суулары каптаган. Анын кесепетинен унаа жолдорун шагыл таштар басып, жол каттамы убактылуу токтоп калган.

Мындан сырткары Ош облусунун Кара-Суу районунда дагы катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош — Гүлчө унаа жолунун 42-47-чакырымына эки жерден сел агындылары түшүп, жол тосулган.

Ал ами Кара-Кулжада нөшөрдүн кесепетинен Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 47-чакырымындагы Чаар-Арча чегинде шагыл аралаш таш түшүп, жолду жаап калган.

Унаа жолдорун ачуу үчүн ӨКМ тарабынан атайын автоунаалар тартылып, жолдор тазаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0