"Дордой" базарынын жанынын 6 млн. сомдук баңги зат алынды

© Sputnik / Олег Золото / Медиабанкка өтүүБаңгизат. Архив
Баңгизат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалгандар Тажикстандан Россияга баңги зат ташыган кылмыштуу топтун мүчөлөрү болуп саналат.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын адистери Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте унаа ичинен 5 килограмм героин аныктап чыгышты. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди. 

Жалал-Абаддын тургуну 250 миң сомдук нашаа менен кармалды
14-май күнү аталган кызматкерлер тарабынан "Дордой" базарынын жанында Honda Inspire үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Аны текшерүү учурунда 5,2 килограмм героин, 970 грамм нашаа табышкан. 

Мамлекеттик чек ара кызматынын билдиришинче кармалгандар Тажикстандан Россияга баңгизат ташыган кылмыштуу топтун мүчөлөрү болуп саналат. 

Алынган баңгизаттын баасы 6 миллион сомду түзөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0