Ыргытылган тактайдан турак-жайлардын, бала бакчанын тиричилик техникалары күйүп кетти

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүТрансформатор. Архив
Трансформатор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча 100гө жакын үйдүн тиричилик техникасы күйгөн.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Бишкек шаарынын Чүй проспектиси менен Алматы көчөлөрүнүн боюнда жайгашкан трансформатор күйүп кетип, ага кошулган үйлөрдөгү электр жабдуулары иштен чыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган аймактагы Жеке менчик үй ээлеринин шериктештигинин төрагасы Жетимишбай Бойконов билдирди. 

© Жетимишбай БойконовЖаңы курулуп жаткан үйдүн куруучулары
Строительные работы жилого дома - Sputnik Кыргызстан
Жаңы курулуп жаткан үйдүн куруучулары

Анын айтымында кырсыкка жаңы курулуп жаткан үйдүн куруучулары күнөөлүү. Анткени усталар жогорку кабаттан тактай ыргытканда, ал электр зымына жабышып калган. Андан чыңалуу чыгып, трансформатор күйүп кеткен.

"№97 үйдүн күн батыш жагында, №99 үйдүн артында жаңы үй курулуп жатат. Куруучулар четтерин жабышы керек болчу. Анткен эмес. Жогорку кабаттан ар нерсени ыргыта беришчү. Бүгүн бирөөсү тактай ыргыткан экен, 20га чукул электр линиясына илинип калган. Андан чыңалуу чыгып, батирлерге 400 вольт электр энергиясы кеткен", — деди Бойконов.

Ал эми кырсыктан №97 үйдөгү 128 батир, №20 бала бакча, Туризм академиясынын, "Народный", "Люкс" дүкөндөрүнүн, тигүүчү цехтин электр жабдуулары иштен чыккан.

"Биз азыр күйүп кеткен жабдууларды иликтеп жатабыз. Учурда 128 батирдин 13үн гана эсептедик. Ага ылайык, төрт муздаткыч, беш компьютер, алты сыналгы, үч киржуугуч машина иштен чыккан", — деди жергиликтүү тургун.

Ал эми тиричилик буюмдары күйүп кеткен "Люкс" дүкөнүнүн ээси Уларбек Торобеков үч муздаткыч, бир сыналгысы иштен чыкканын билдирди.

"Азыр электр энергиясын бере элек. Андыктан канча жабдуу иштен чыкканын так айтуу кыйын. Көз көрүнөө үч муздаткыч, сыналгым күйүп кетти", — деди Торобеков.

Өрттөн улам жарыксыз калган аймактарга электр энергиясы берилди
Ал эми "Түндүкэлектр" ААКнын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган окуя боюнча чалуу бүгүн, 20-майда саат 9:40та түшкөнүн тастыктады. Маалыматка ылайык, №529 трансфарматор күйүп кеткен. 

"Учурда Будёнов, Курманжан датка, Чүй, Фрунзе көчөлөрүндөгү үйлөрдө, кафе, бала бакчада жарык жок. Кырсык алтынчы кабаттагы куруучулар ылдый көздөй тактайды ыргытып, ал электр линияларына илингенден чыккан. Учурда жеринен протокол толтурулуп, чыгымдар эсептелип жатат", — деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтар боюнча курулушту "Жеева Групп Диязова" компаниясы жүргүзгөн. Аталган компания менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0