Камакка алынган жаран. Архив

Москвада кыргыз кыздарын зордуктап жүргөн деп шектелген кыргыз бала кармалды

1633
(жаңыланган 18:57 20.05.2016)
Учурда шектүүгө төрт факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Москвада кыргыз кыздарын зордуктап, тоноого шектелген кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу КР ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Аскат Алиев билдирди. 

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 14-майдан 15-майга караган түнү Москва шаарынын Варшава шоссесинде жайгашкан гараждардын биринде, кылмышка шектүү делип Ош облусуна караштуу Ноокат районунун 22 жаштагы тургуну кармалган.

Ал кыргыз кыздарын зордуктап, тоногон деп айыпталууда.

Кылмышка шектүү интернет баракчалардын бирине кыргыз тилинде жумуш берем деп жарнама жазып, жумушка орношууну каалаган кыздарды атайын кечки убакытка жолугууга чакырган. Кафедеги сүйлөшүүдөн кийин кыздарды атайылап караңгы жакка алып барып зордуктап, коркутуп уюлдук телефондорун, баалуу буюмдарын тартып алып жүргөн.

Учурда шектүүгө төрт эпизод боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды. 

1633
Белгилер:
кыз-келиндер, кыргыз, кылмыш, Москва
Тема боюнча
Элчилик: Москванын Хован көрүстөнүндө болгон мушташка КР жарандары катышкан эмес
Москвада банкты барымтага алган киши жок кылынды
Пикирлер