Жалал-Абадда жүгөрүнүн арасына кара куурай өстүргөн жаран кармалды

© Фото / пресс-служба УВД г. Джалал-АбадНезаконное выращивание конопли
Незаконное выращивание конопли - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Жалал-Абаддын Ноокен районунда кара куурай өстүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин маалымат кызматы билдирди.

Агы ылайык, үстүбүздөгү жылдын 28-май күнү саат 15:00дөр чамасында Жалал-Абад ОИИБнин кызматкерлери тарабынан операция жүргүзүлүп, Ноокен районунун Чоң-Багыш айылында эгилген жүгөрүнүн арасынан атайылап өстүрүлгөн 1395 түп, болжол менен 200 килограмм кара куурай табылган. Аны Кочкор-Ата шаарчасынын 36 жаштагы тургуну өстүрүп келген. 

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 250- беренеси (Баңги заттарын камтыган өсүмдүктөрдү айдоо жана өстүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0