Бишкекте маршрутка жеңил унаа менен сүзүшүп оодарылып калды

© Фото / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктан бир нече жүргүнчү жабыркаган.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Борбор калаада микроавтобус менен жеңил унаанын кагылышуусунан алты адам жабыркаган. Бул тууралуу Тез жардам станциясынын кайра жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык шаршемби күнү Чүй проспектиси менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде болгон.

"Билдирүү 23.16да түштү. Окуя болгон жерге барган кызматкерлер маршрутка менен автоунаанын кагышып, бустун бир капталына кулап калганын аныкташкан. 17 жаштан 31 жашка чейинки алты жүргүнчү жабыркаган", — деди Борисов.

Жабыркагандардын баары Трамотология жана ортопедия борборуна, ошондой эле Улуттук госпиталга жеткирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0