Санкт-Петербургда кыргыз курулушчу бийик имараттан кулап каза болду

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүСанкт-Петербург шаары. Архив
Санкт-Петербург шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык мындан беш күн мурун болгон. Окуя болгон жерге Тез жардам чакырылган. Бирок ага карабастан жабырлануучу алган жарааттарынан улам көз жумган.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Санкт-Петербург шаарынын Василеостровский районундагы курулушта иштеп жаткан Кыргызстандын 31 жаштагы жараны бийик имараттан кулап каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Москва шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: Москвада кафедеги чатакта Касымов украиналык мигранттын колунан каза тапкан
Маалыматка караганда, кырсык 29-май күнү саат 22.00дө болгон. Окуя болгон жерге Тез жардам кызматы келип, жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бирок ага карабастан, кыргызстандык көз жумган.

Учурда маркумдун туугандары анын сөөгүн мекенине кайтаруу иштери менен жүрөт. Мындан тышкары, Санкт-Петербург шаарындагы консулдуктун өкүлдөрү маркум иштеген компаниянын жетекчилиги менен "жүк-200дүн" чыгымын төлөө жана анын үй-бүлөсүнө компенсация төлөп берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0