Бишкектин жанындагы айылда граната жарылып, 5 киши жабыркады, анын үчөө жаш бала

Жазылуу
Алдын маалыматтар боюнча жабырлануучулар эски цехтен граната таап алышкан. Ал колдон түшүп жарылып кеткен.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Бишкектин жанындагы Пригородное айылында граната жарылып, беш киши жабыркады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу окурман билдирди.

Граната. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин жанында жарылган граната боюнча соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды
Аталган фактыны Тез жардам кызматы тастыктады.

Алдын ала маалыматтар боюнча жабырлануучулар эски цехтен граната таап алышкан. Ал колдон түшүп жарылып кеткен. Кырсыктан беш киши оор жаракат алган. Алардын арасында эки төрт жашар жана бир алты жашар бала бар.

Жабыркагандар ооркунага жеткирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0