ШИИБ: кемпирин өлтүрүп, мүчөлөп, ар жерге көөмп салган 80 жаштагы чал кармалды

Жазылуу
Алгач маркумдун буту-колу табылган. Милиция кызматкерлери аялдын башын жана калган мүчөсүн көпкө чейин издегени айтылууда.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бишкекте карыган аялдын дене мүчөлөрү короонун ар кайсы жеринен табылды. Бул маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы ырастады. 

Билдирмеге караганда 4-июнь күнү Кызыл-Аскер аймагынан милиция кызматкерлерине бир үйдө ызы-чуу болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. 

Дарек боюнча жетип барган тартип кызматкерлери бочканын ичинен адамдын колу менен бутун табышкан. 

"Кылмышка шектелип 80 жаштагы үйдүн ээси кармалды. Анын эшигинин алды жана өзү дагы канга боёлуп калган. Милиция кызматкерлери көп убакыт бою маркумдун башы менен тулку боюн таппай убара болушту", — деп билдиришти маалымат кызматынан. 

Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында каза болгон адамдын денесинин толук мүчөсү табылган. Ал шектелип жаткан үй ээсинин аялы болуп чыккан. 

Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0