Чүйдөгү ГЭС-4 суусуна чөгүп кеткен жаран изделип жатат

Жазылуу
Кырсык 4-июнда Аламүдүн районуна караштуу Мыкан айылынын аймагында катталган.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Чүй облусундагы ГЭС-4 суусуна чөгүп кеткен жаран изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 4-июнда Аламүдүн районуна караштуу Мыкан айылынын аймагында катталган. 

Чөгүп кеткен жарандын өздүгү такталып, ал 56 жаштагы Валерий Диденко экени белгилүү болду.

Учурда издөө иштери улантылып жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0