Жасалма документ менен май ташыгандар кармалды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКүйүүчү май ташуу унаа. Архив
Күйүүчү май ташуу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, унаа айып короого токтотулду.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Жасалма документ менен ири көлөмдөгү күйүүчү май ташуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Бишкек — Ош унаа жолунан күйүүчү май жүктөгөн Volvo үлгүсүндөгү унаа кармалган. 

"Текшерүү учурунда унаа 39 миң литр күйүүчү май ташып баратканы белгилүү болду. Айдоочу көрсөткөн документтер күмөн ой жараткандыктан, экспертизага жөнөтүлдү. Натыйжада жасалма экени белгилүү болду", — деп айтылат маалыматта. 

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 350-беренеси (жасалма документ жасоо, колдонуу) боюнча кылмыш иши козголуп унаа айып короого токтотулду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0