Кырсыктан улам унаанын мотору ыргып, жолдон өтүп бараткан кызга тийди

Жазылуу
Окуя жекшемби күнү Горький менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жабырлануучу көптөгөн жарааттары менен ооруканага жаткырылды.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бишкекте төрт унаа кагышкан жол кырсыгы катталып, андан жолоочу кыз жабыркаганын Тез жардам кызматы билдирди.

Горький менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон авария тууралуу билдирүү жекшемби күнү түшкөн. 

"Төрт унаанын кагышуусунан беш адам жабыркаган, окуя болгон жерде Тез жардамдын үч бригадасы иш алып барды. Күбөлөрдүн айтымында, бир машинанын мотору ыргып кетип, өтүп бараткан 24 жаштагы кызга тийген. Бели, баш сөөгү, буту-колу жабыркаган кыз оор абалда ооруканага жеткирилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, 21 жаштан 45 жашка чейинки төрт адам жабыркаганы, алардын баары ооруканага жаткырылганы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0