Бишкекте КамАЗдын алдында калган велосипедчен мерт кетти

Жазылуу
Кырсык Көкчетав көчөсү менен Кулатов көчөсүнүн кесилишинде катталган.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 5-июнунда Бишкекте КамАЗ унаасы велосипед тээп бара жаткан адамды коюп кетти. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ билдирди. 

Маалыматка ылайык, кырсык Көкчетав көчөсү менен Кулатов көчөсүнүн кесилишинде катталып, алган жаракаттан улам жабырлануучу ошол жерден жан берген.

Аталган факт боюнча тергөө амалдары башталды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0