Сууга чөгүп, беш күндөн бери изделип жаткан 53 жаштагы аялдын сөөгү табылды

© Фото / Пресс-служба ГУ МЧС России по Хабаровскому краю / Медиабанкка өтүүСуучул. Архив
Суучул. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык 5-июнда болгон. Ошондон бери куткаруучулар аялды издеп келишкен.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Бишкек — Торугарт унаа жолунун 116-чакырымында мындан беш күн мурун сууга чөгүп изделип жаткан 53 жаштагы Акжолтой Ыбышеванын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, аял Кемин районунун тушунан кырсыкка учурап, анын чөккөнүн бирөөлөр көрүп калган. 5-июндан бери куткаруучулар аны издеп келишкен. 

Чүй айылынын тургуну Ыбышеванын денесин куткаруучулар суудан таап чыгып, туугандарына беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0