Элүүгө таяп калган кишинин үйүнөн 2 килограммдан ашык героин табылды

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүГероин. Архив
Героин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган факты боюнча маңзатты мыйзамсыз сактоо боюнча кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. ИИМдин Маңзатты сатууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө "Келечек" жаңы конушундагы 48 жаштагы тургундун үйүнөн 2 килограмм 135 грамм героин табышты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Аталган факты боюнча маңзатты мыйзамсыз сактоо боюнча кылмыш иши козголду.

Аламүдүн РИИБдин тергөө бөлүмү чогултулган материалдары тийиштүү жактарга берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0