ЖМК: Стамбулда кыргызстандык кыз 8-кабаттан кулап аман калды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүСтамбул шаары. Архив
Стамбул шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыз эжеси менен Стамбулга эс алуу үчүн барган.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Түркиянын Стамбул шаарында 17 жаштагы кыргызстандык кыз 8-кабаттан кулап аман калганын Haberler гезити маалымдайт. 

Окуя Умрание кичи районундагы турак үйлөрдүн биринде болгон.

Алина аттуу өспүрүм эжеси менен Стамбулга эс алуу үчүн келип, курбу кызыныкына конокко келишкен. 

"Алинанын эжеси Бактыгүл дүкөнгө чыкканда кыз балкондо турган. Бир маалда эле анын башы айланып, эс-учун жоготуп жыгылган. Тутканы кармай албай кыз ылдыйды көздөй кулап кеткен", — деп жазат басылма.

Алина тенттин (бастырма) үстүнө кулап, жерге түшүүсү кыйла жеңил болгон. Оң колу жана белинен жаракат алган кыз учурда ооруканада дарыланууда.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги учурда окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0