Чүйдө жүргүнчү ташыган бус менен жеңил унаа кагышып, 11 киши жабыркады

Жазылуу
Жаракат алгандар райондук, облустук жана Бишкек шаарындагы №3 балдар ооруканасына жеткирилген.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Чүй облусундагы Бишкек — Торугарт айланма жолунун 30-чакырымында жүргүнчү ташыган Mercedes-Benz Sprinter менен Volkswagen Passat үлгүсүндөгү жеңил унаа кагышып, 11 киши жабыркаганын ӨКМ билдирди.

Сууга түшүп кеткен унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токтогулда унаа сууга түшүп эки адам каза болду, дагы бири изделүүдө
Маалыматка ылайык, Mercedes-Benz Sprinter кичи автобусунун ичинде 17 жүргүнчү болгон, ал эми Volkswagen Passat автоунаасында жети киши болсо, анын үчөө жаш балдар экени айтылууда.

Куткаруучулар жаракат алгандарга биринчи жардам көрсөтүп, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Аны менен алты адам Ысык-Ата райондук ооруканасына, бир киши Чүй облустук ооруканасынын реанимациясына жаткырылса, үч киши травматологияга түшкөн. Дагы бир кыз Бишкек шаардык №3 балдар ооруканасына жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0